Коом

Эртең Бишкектин 2 конушунда суу өчүрүлөт

Эртең, 21-февралда Бишкек шаарынын эки конушунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо конушунда, саат 09:00дөн 15:00гө чейин Калыс-Ордо конушунда суу өчүрүлөт.

Мэриядан белгилешкендей, бул күнү турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу болбойт.

Суу «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button