Коом
1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн айдоочулар күйүүчү майдын ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн

Бүгүн парламент Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда колдоп берди.
Ага ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен республикадагы жолдор оңдолуп, реконструкцияланат. Мындай жыйым “жолдо көбүрөөк жүргөндөр көбүрөөк төлөйт” принциби менен иштейт.
Мыйзам кабыл алынса, Жол фондунун бюджети 7 млрд сомго көтөрүлөрүн транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Ал 2023-жылы фондго 4,5 млрд сом түшкөнүн, быйыл жылдын аягына чейин 5 млрд сомдон ашык каражат түшүүсү күтүлүп жатканын кошумчалады.



