Коом
Россия Кыргызстанда 9 мектепти кайсы жерге кура тургандыгын айтылды

Россия Кыргызстанда 9 мектепти кайсы жерге кура тургандыгын Билим берүү министрлигинин башчысы Уланбек Мамбетакунов депутаттарга айтып берди. Ал талаптарга жооп берген жерлердин тизмесин жарыялады.
1. Бишкек шаары (Сухэ-Батор көч.)
2. Ош шаары
3. Баткен шаары
4. Ош облусу (Прогресс айылы)
5. Жалал-Абад шаары
6. Талас шаары
7. Чүй району (Новопавловка айылы)
8. Нарын району (Кеңеш айылы)
9. Каракол шаары
Министрдин айтымында, бир мектепти курууга болжол менен 450 миллион рубль сарпталат.
Бүгүн депутаттар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы республикада орус тилдүү мектептерди куруу боюнча келишимдин долбоорун талкуулап жатышат



