Коом

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өлкө үчүн көп кырдуу мааниге ээ–Садыр Жапаров

Темир жолдун курулушун баштоого старт берүү аземинде президент токтолгон учурлар:

Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.

Улуу Жибек жолунун тарыхый деми калыбына келет.

Өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат.

Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары ролубуз бекемделип, жүк ташуулардын көлөмү өсөт.

Жаңы инфратүзүм аркылуу соода, туризм жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшү ыкчамдап, жетүүгө кыйын райондорго транспорттун жеткиликтүүлүгү жакшырат.

Миңдеген жумуш орундары түзүлөт.

Балыкчыдан Макмалга чейин темир жолу курулуп келип, ушул жолго кошулат. Түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу дагы байланышта болот.

Кытай жана Европа сыяктуу дүйнөлүк ири рынокторго жол ачылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button