Коом

Айтматов проспектисинде теректерди кыюу иштери башталды

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректерди кыюу иштеринин биринчи этабы башталды.

Мэриядан маалымдашкандай, учурда 55ке жакын терек тамыры менен алынып бүттү. Жеринде 13 атайын техника жана “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын 20 кызматкери иштеп жатат.

Чыңгыз Айтматов проспектисинин Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө алынып жаткан теректердин ордуна чынар же жалбырактуу клен тигилет. Отургузула турган көчөттөрдүн бийиктиги 3 метрден 5 метрге чейин болот.

“Бишкекбашкыархитектура” мекемеси тарабынан “Ч.Айтматов проспектисин Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин жашылдандыруу” долбоору иштелип чыгып, анын ичинде веложол уюштуруу белгиленген.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга теректердин ордуна чынар же жалбырактуу клен отургузууну сунуштап, бактарды тандоого катышууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button