Дүйнө

Россияда кыргызстандыктар бараткан унаа кырсыкка учурап бир адам каза болду

Россияда Кыргызстандын жарандары бараткан унаа кырсыктап, бир киши каза болду. Бул тууралуу «СарИнформ» басылмасы жазды.

Жол кырсык 1-декабрга караган түнү Саратов облусундагы Ершов – Озинки жолунда болгон. Кыргызстандыктар бараткан Toyota Sienna унаасы жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Анын айынан 27 жаштагы жүргүнчү каза тапкан. Дагы беш адам, анын ичинде айдоочу ооруканага жеткирилген.

Унаада 8 киши бараткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button