«Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, «Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.— 15-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;— 16-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү бөлүгү;— 17-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин жогорку бөлүгү;— 18-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү жана башка.Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, «Аэропорт» суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.Учурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин деңгээлинде «Башкара-Суу» суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган.



