Окуялар

Бишкекте бычак менен куралдангандар адамдарды тоноп, ири суммадагы акчасын алып кетти

Милицияга Чокморов көчөсүндө белгисиз адамдар мушташып жатканы боюнча маалымат түшкөн. 

Бишкек ШИИББ кол салгандар акчаны алып (суммасы такталууда), Ford Focus автоунаасы менен качып кетишкенин белгиледи. 

АКИpress агенттиги бөлүшкөн видеого караганда, кылмышкерлер экөө болгон. Аларга каршылык көрсөтүлүп, бирок кийин шериктери жардамга келгенин көрүүгө болот. 

«Перехват» планы жарыяланып, борбордук милициянын  өздүк курамына багыттамалар берилди. 
Маалыматка караганда, эки кишиге акча алмаштыруу жайынан чыгып баратканда кол салынган. Натыйжада бири оор жаракат алып, реанимацияда жатат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button