Саясат
Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Дайындоо тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Чотонов буга чейин Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы элчиси болгон. Ал Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев менен бирге россиялык жарандардан 1 млн доллар пара алган деп айыпталып, 2017-жылы 8 жылга абакка кесилген. Кийин алардын иши кайра каралып, 2021-жылы акталышкан.



