Төрага президенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоо бул ирет дем алыш күнгө эмес, 2027-жылдын 27-январына — шаршемби күнгө белгиленгенин билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки президенттик шайлоолордун баары дем алыш күндөрү өткөн. Шайлоону иш күнүнө белгилөө шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу максатын көздөйт.
Маматалиевдин маалыматына караганда, 27-январь жумуш күнү болуп эсептелет жана шайлоо участогуна барып добуш берген жарандарга эмгек акысы төлөнөт.
Ал ошондой эле шайлоого катышкан адамдардын саны канчалык көп болсо, добуш сатып алууга байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болорун белгиледи.
Спикер административдик ресурсту колдонуу азайганын айтып, шайлоодогу үгүтчүлөрдүн саны кыскартылганын билдирди.
Анын айтымында, алдыдагы президенттик шайлоо мыйзам чегинде жана белгиленген мөөнөттө өтүшү керек.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо тууралуу токтом кабыл алды.



