Коом
Министрлер кабинети ЭТТНди жойбойт, бирок процесс жөнөкөйлөйт

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Салык кызматында өткөн кеңешмеде ЭТТН талап кылынган товарларын тизмеси кайра каралып чыгарын билдирди. Ошондой эле ЭТТН киргизүү жана жөнөкөйлөштүрүү боюнча атайын комиссия түзүлөрү айтылды.
Буга чейин Салык кызматынын жетекчиси беш товардан башкасына ЭТТНди алып салуу керектигин айткан. Буга өкмөт башчынын орун басары Данияр Амангелдиев каршы чыгып, жыйынтыгында Алмамбет Шыкмаматов экөө парламентте кайым айтыша кеткен.



