Ак-Ордодо түн ичинде «100 миң сом каттым» деп, элди кыжаалат кылган блогер кармалды

Социалдык тармактарда «Ак-Ордо» коңушунда адамдардын топтошкону тартылган видео тараган. Бул адамдар акча издеп жатышкан деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышкан. Текшерүү учурунда «Тапсан сеники» аттуу аккаунтту колдонгон жаран подписчиктердин санын көбөйтүү максатында оюн уюштуруп, ар кайсы жерлерге акча катып, бул тууралуу маалымат таратканы аныкталган.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 1993-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аны менен мындай иш-чараларды мындан ары уюштурбоо боюнча профилактикалык маек жүргүзүлгөн.
Урматтуу жарандар!
Ушундай сыяктуу күмөндүү оюндарга алданбаңыздар. Мындай иш-аракеттер массалык башаламандыкка жана коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Эгер ушул сыяктуу аракеттерди байкасаңыздар, милицияга кабарлаңыздар. Сиздин коопсуздугуңуз шектүү оюн-зооктордон маанилүү! – деп билдирди Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин басма сөз кызматы.



