Окуялар

Кочкор-Атада өспүрүм баланы сел агызып кетип, көз жумду

17-июнда Жалал-Абад облусунда селден бир өмүр кыйылганын «Азаттык» маалымат агенттиги жазып чыкты.  

Маалыматта айтылгандай, Кочкор-Атада саат 17:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон аккан суу чогулуп, сел жүргөн.

Мунун кесепетинен Эски Кочкор-Ата айылынын тургуну, 10 жаштагы өспүрүм селге агып, каза болгону маалымдалды.

Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына өткөрүп беришти.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүлүп жатат. ӨКМ кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, сел каптаган аймактагы тургундар эвакуцияланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button