Коом

14-январга карата аба ырайы

14-январь, шейшембиде, күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12, Ысык-Көл кылаасында -1…+4 градуска чейин жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градус суук болору айтылды.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +10…+12 градуска чейин жетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button