Коом

Сокулукта автоунаадан пулемет менен автоматтын октору табылды

Сокулукта автоунаадан пулемет менен автоматтын октору табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, автоунаа ишемби күнү токтотулган.

«Тинтүү учурунда андан АК-74 автоматы үчүн 86 патрон жана Калашников пулеметунун 74 патрону табылып, ичиндеги үч кишинин мурда соттолуп чыкканы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча «Курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренесинин негизинде иш козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button