Коом
Эртең Караколдо «Түндүк-2024» машыгуулары башталат

Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери катышмакчы.
Иш-чарада аскердик абал кирген маалда аскердик башкаруу органдарынын кошуундарды жана бөлүктөрдү мобилизациялоо, машыгуучу штабдарды даярдоо, күжүрмөн ыкташууну жүргүзүү практикалык жактан иштелип чыгат.
Окуу-машыгуулар 22-августта соңуна чыгат.



