Коом

Ташиев Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бербегенин айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бербегенин билдирди.

Ташиев айрым журналисттер анын сөзүн бурмалап жатканын белгилеп, операциянын жүрүшү боюнча түшүндүрмө берди.

Негизги учурлары:

2023-жылдын 4-октябрында атайын кызматтын тобу Көлбаевди тергөө иштерине алып келишмек. Анткени, анын Дөө Чыңгыздын өлтүрүлүшүнө тиешеси бар экени боюнча далилдер табылган.

Көлбаевдин жан сакчылары каршылык көрсөтүп, атайын даярдыктагы бөлүк аларга күч колдонуп «тынчтандырган».

Арткы эшик аркылуу качууга аракет кылган Көлбаев атайын кызматтын өкүлдөрүн көрүп, ок чыгарган. Натыйжада жоокерлер курал колдонууга аргасыз болгон.

«Ал эми менин айткандарым боюнча, кызматкерлериме каршылык көрсөткөндөрдү кармабагыла деп дайыма оозеки буйрук берип келем. Эгерде шектүү кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса, анда алар курал колдонууга милдеттүү», — деп түшүндүрдү ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button