Коом

УКМК: Интернет аркылуу экстремисттик террордук уюмга ишке алынган кыргыз жараны кармалды

«Телеграм» мобилдик мессенджери аркылуу “Ирак жана Левант Ислам мамлекети” ЭТУнун мүчөлөрү тарабынан ишке алынган КР жараны А.Ч.К. кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигине каршы аракеттенүү багыты боюнча контртеррористтик иш-чараларды жүзөгө ашыруу процессинде «телеграм» мобилдик мессенджери аркылуу “Ирак жана Левант Ислам мамлекети” (ИГИЛ) ЭТУнун мүчөлөрү тарабынан ишке алынган КР жараны А.Ч.К. кармалды.

Ал интернет мейкиндиги аркылуу эл аралык террордук топтордун идеологиясын изилдеп, бир нече жолу согуш жүрүп жаткан аймакка чыгууга аракет жасаган, ошондой эле ок атуучу куралдарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн издеген.

Мындан тышкары, А.Ч.К. ар кандай социалдык медиа платформаларынын активдүү колдонуучусу болуп, ал жерде “ИГИЛ” ЭТУнун атрибуттары жана символдору чагылдырылган видеолорду активдүү тараткан. Анын жашаган жеринен экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, тыюу салынган «ИГИЛ» уюмунун желеги жана уруксат документтери жок  травматикалык тапанча табылган.

Бул фактынын негизинде А.Ч.Кга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №27 тергөө абагына  киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button