Окуялар

Балдардын зыянга учурашына ата-эненин кайдыгерлиги жана айдоочунун жол эрежелерин сактабаганды себепкер

2021-жылдын башынан тартып өлкөбүздүн жолдорунда балдар катышкан 512 жол кырсыгы катталган: 17 бала көз жумуп, 500дөй бала ар кандай жаракаттарды алган. Өспүрүмдөр жыл башынан баштап дистанциялык (онлайн) окууларда болсо да, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктары уланууда.
Тилекке каршы, бул сандар өтө кейиштүү көрүнүш. Балдар катышкан жол кырсыктары негизинен үч категорияга бөлүнөт: унаа ичиндеге жүргүнчү балдар, жөө жүргөн балдар жана унаа башкарган-айдоочу балдар. Бүгүнкү күндө жол-транспорт кырсыктарына учурагандардын саны боюнча унаа ичинде жүргүнчү катары жана жөө бара жатып кабылган балдардын саны салыштырмалуу өтө деле көп эмес. Бирок, коркунучтуу кырсыкка учураган жаш өспүрүмдөрдүн категориясы — бул унаа ичинде жүргүнчү катары бараткан балдар болууда.

Балдар ата-энелердин кайдыгердигинен жана балдарды ташууда айдоочулардын атайын эрежелерди сактабагандыгынан улам көз жумуп жана оор жаракат алышууда. Айдоочулар жолдо автоунааны ылдамдыктан ашырып айдап, балдарды ташууда коопсуздук курларын, же болбосо балдарды бекем кармап туруучу атайын жабдууларды колдонушпайт. Ошондой эле, ата-энелер балдарын жетелеп алышып, жолдорду туура эмес, коркунуч келтирчү жерлер менен кесип өтүшөт. Айдоочулардын арасында мас абалында унаа башкаргандар да жок эмес, мунун баары өтө коркунучтуу жана адам, айрыкча балдардын коопсуздугуна кепилдик бере албайт. Жыл башынан бери өлкөнүн баардык аймактарында жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын саны өсүүдө. Мындай көрүнүш өзгөчө Ош облусунун аймагында байкалууда.
Коопсуздукту жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону балдарга мектептерде үйрөткөнүнө карабастан, жайкы эс алуу убагында алар, кайрадан ата-энелердин көзөмөлүндө болушат. Ошондуктан, бул кырдаалга таасир тийгизүүнүн жалгыз жолу — ата-энелер жүрүм-турумун оңдоо.

Урматтуу ата-энелер, өзүңүздөр тартипти бузбуй,жолдо балдарга туура таалим-тарбия берүү менен аларга үлгү көрсөтүңүздөр. Балдар сиздердин кетирген каталарыңардын кесепетинен жабыркабаш керек!

КР ИИМдин ЖКККББы басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button