Коом
Бишкекте Башкы прокуратура үчүн ушундай жаңы имарат салынат. Садыр Жапаров курулушка старт берди

Өлкө башчы жаңы имарат курууга мезгил кутусун салып, прокуратура органдары жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын мыйзам аркылуу корголушун камсыз кылуучу негизги институт экенин белгилеген.
Жаңы административдик имарат 7 кабаттуу болуп, жалпы аянты 20 000 чарчы метрди түзөт. Имаратта кеңсе бөлмөлөрү, чакан жана чоң залдар, 200 орундуу эки деңгээлдүү жер астындагы паркинг пландаштырылган.
Аны президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кыргызкурулушсервис» ишканасы салып, 2 жылда ишке бериши керек.