Коом

Бишкектин Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиштери бүгүндөн тарта жабылат

Бишкектин жол инфраструктурасын жакшыртууга байланыштуу бүгүн, 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин Лев Толстой менен Асаналиева көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Бул тууралуу муниципалдык басма сөз кызматкери билдирди.

Бул убакыт аралыгында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Шаар мэриясы жарандар каттамдарын алдын ала пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button