Коом

Быйыл Нарын-Баетов унаа жолун бүтүрөбүз– Транспорт министри

Кечээ, 4-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү Нарын облусунда III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.

Ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев 2025-жылдын планына кирген Нарындагы жолдор боюнча маалымат берди. 

«Арал- Миң-Куш 22 км, Нарын – Орук – Там 5 км, Баетов-Макмал 5 км, Сары-Булак-Соң-Көл 3 км, Ак—Тал-Чат-Жогорку-Май 4 км, Казарман-Акталчат 3 км, Ат-Башы-Кында-Торугарт 3 км асфальт төшөө каралды. Ал эми Нарын-Баетов унаа жолун бүтүрөбүз. Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин дагы койгон талабы ушул»,-деди министр Сыргабаев. 

Белгилей кетсек, Курултайда жол тармагына байланыштуу Нарын облусу боюнча 40 кайрылуу түшкөн. Алардын көбү жолдордун абалы, жол куруу иштери. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button