Коом
ЖК депутаты 2024-жылга чейин менчиктештирилген объектилерди легалдаштырууну сунуштады

Элдар Абакиров учурда өлкөдө жеке менчикти коргоо жаатында кризистик жагдай түзүлгөнүн, менчиктин кол тийбестиги сакталбай, маморгандардын өкүлдөрү жеке менчикти алып коюу боюнча аракет көрүп жатканын белгилеген.
Мындан улам эл өкүлү 1991-жылдын 31-августунан 2024-жылдын 31-декабрына чейин жеке менчикке өткөн объектилерди мыйзамдаштырууну сунуштаган. Кеп адал жол менен табылган акчага сатып алынган, маморгандан бардык тиешелүү документтерди алган объектилер тууралуу болууда.
Аталган мыйзам долбоорунда мунапыс берүү төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
▪️менчиктештирилүүгө жатпаган мүлктүн тизмегине киргизилген объектилерге
▪️социалдык-турмуш-тиричиликтик жана социалдык-маданий багыттагы объектилерге
@abal-kg



