Коом

УКМК: Коргоо министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жыйын өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

2025-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун жыйындар залында, КР УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин биринчи орун басары генерал-майор Э.Ж.Тердикбаевдин катышуусунда жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн командирлери, жетекчилери жана командирлери, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин, тактап айтканда, абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы, зениттик-ракеталык бригада, вертолеттук полк, Аскер институту, Аскер лицейи, Борбордук машына-оңдоочу мастерскойу, Борбордук Аскер үйү, Аскердик спорт клубу, Аскердик автоинспекция, Тартип ротасы, Байланыш ротасы, батирлерди тейлөө боюнча колдоо көрсөтүү Бишкек базасы, Бишкек гарнизонунун комендатурасынын кызматкерлерине профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында, коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жазалар катаалдаштырылгандыгы, жана кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары түшүндүрүлдү.  2025-жылдын 10-январында күчүнө кирген 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө ченемдик укуктук актылары өздүк курамга маалымдалды:

— Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-348 беренелерин ылайык — белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу милдеттүү болуп саналат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуудан турат;

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-348 беренелерин ылайык — адам күнөөсүн мойнуна алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө келишим түзгөндө сот эң аз жазанын жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалайт;

— 95-берене — адам соттуулугу жок деп эсептелет, ал эми соттуулугу жоюлган, эгерде ал жазадан бошотулгандан, жазасын өтөгөндөн же аткарылгандан кийин өтүп кетсе… 336 – берене алынып салынат;

— 340-берене — кызмат адамы тарабынан акыркы эки жылда иштеген иши үчүн мыйзамдуу булактар менен ырасталган наркы анын кызматтык кирешесинен ашкан мүлккө ээлик кылуу (пайдалануу) укугуна ээ болушу же мындай мүлктү (2 жылдан 8 жылга чейин) жакын туугандарына же башка адамдарга берүү;

— Айыптар алынып салынат: мисалы, 342 жана 343-беренелери — 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо.

Сабактын жүрүшүндө республиканын жетекчилиги 2025-2026-жылдары коррупцияны толугу менен жок кылуу милдетин койгондугу айтылды. Буга байланыштуу чогулгандарга коррупциялык көрүнүштөргө же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги эскертилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button