Коом
Бишкектин «Жал» жана «Чыгыш 5» кичи райондорунда 6-7-фералга чейин газ өчүрүлөт

«Бишкекгаз» ишканасы газ куурундагы оңдоо иштерине байланыштуу 6-7-февралга чейин айрым райондорго жаратылыш газын берүү убактылуу токтотула турганын билдирди.
Оңдоо иштери «Чыгыш 5» кичи районунун Мамбетов, Кийизбаева көчөлөрүндө жана Жал кичи районунун
Курчатов, Тыналиев, Миңжылкиев көчөлөрүндө жүргүзүлөт.
«Бишкекгаз» газ кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү мезгилинде абоненттерден энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү суранат.



