Саясат

Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө иштеринин сапаты боюнча УКМК билдирүү таратты

Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө иштеринин сапаты боюнча бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөргө байланыштуу КР УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:

Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында подрядчы тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган.

УКМК бул абалды өз көзөмөлүнө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүүгө алды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кошумча кабарлап турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button