Таштанды чыгарууга тоскоолдук жараткан унаалар эвакуацияланат

Эми таштанды чыгарууга тоскоолдук жараткан унаалар массалык түрдө эвакуацияланаарын мэрия кабарлады.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын унаалары катуу тиричилик таштандыларын саат 00:00дөн 06:00гө чейин чыгарышат. Күндүзү унаалардын көптүгүнөн таштандыларды чыгаруу өтө кыйын.
Унаасын контейнерлердин жанына таштап кеткен айдоочулардын кесепетинен таштандыларды өз убагында ташып чыгуу кыйынчылык жаратууда.
Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, унааларды контейнердик жайлардын жанына коюуга тыюу салынганын эскертебиз.
Бул атайын унаалардын таштанды челектерине өтүүсүнө жана катуу тиричилик таштандыларын белгиленген график боюнча ташып чыгууга бөгөт коюуда.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таштандыларды саат 19:00дөн 00:00гө чейин чыгарууга чакырат.