Окуялар

УКМК: Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды — ВИДЕО

УКМК тарабынан коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жана системалуу коррупцияны толугу менен жоюу, ошондой эле Ысык-Көл облусунун энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу максатында 2026-жылдын 29-январында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А.  кармалды.

Тактап айтканда, К.М.А. электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.

Чогултулган далилдердин негизинде К.М.А. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button