Коом

Окуучу каза болгон орто мектептин директору ээлеген кызматынан бошотулду

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана окуучу каза болгон орто мектептин директору ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ОшТВ каналы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына таянуу менен билдирди.

Окуучунун өлүмүнө байланыштуу окуя жана көрүлгөн чаралар тууралуу акимчилик маалымат таратып, кайгылуу окуя 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыккан чырдан улам болгонун айтты.

12-февраль күнү саат 10:55-11:00 чамасында Каратай айылындагы № 39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 9-класстын окуучусу Адилет Турдубаевге жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Андан кийин жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жеткирилип, бирок дарыгерлердин аракетине карабай каза болгон.

Учурда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева жана Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы № 39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин директору Нурланбек Калмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле директордун окуу, тарбия жана тарбия иштери боюнча орун басары Улпатхан Жунусалиева, окуу-тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иш-чаралардын уюштуруучусу Гүлсүнай Кулболдиева, социалдык кызматкер Анаркан Шайымкулова, 11-класстын класс жетекчиси Жыпар Жакыпова, 9-класстын класс жетекчиси Нурз А.Баитова ээлеген кызматынан бошотулду.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен мектептин директорунун милдетин аткаруучу болуп математика мугалими Мисрат Оморалиева дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button