Коом

Токтогулда баңгизаттын чогултуп жүргөндөр кармалды

2025-жылдын 11-февраль күнү Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө кызматы тарабынан, Токтогул районунун аймагында “У” аттуу жаран баңгизатын чогултуп, сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынган.

Аталган маалымат Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде, Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катарында Токтогул районунун 1995-ж.т. Т. уулу Т., Кара-Балта шаарынын 1995-ж.т. Б.Д., Нарын облусунун 1995-ж.т. Т.уулу Б. жана Балыкчы шаарынын 1994-ж. т. У.А аттуу жарандар кармалып, өзгөчө кескин жыты бар болжолдуу салмагы 5 килограмм болгон баңгизаты алынган. Алынган баңгизатынын түрүн аныктоо максатында соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Ал эми шектүү катарында кармалган төрт жаран Токтогул райондук соту тарабынан камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button