Коом
Оштун мэри республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 1 млн сомдон ашык акчалай сыйлык тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 1 миллион 250 миң сом тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн окуучуларды эл аралык аэропорттон салтанаттуу тосуп алышты.
Жанарбек Акаев байгелүү орундарды алган окуучуларды жеңиши менен куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле шаар бийлиги мындан ары да билимдүү жаштарды колдоп, алардын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
Сыйлык тапшыруу аземинде мэрдин фондунан олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 1 миллион 250 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар берилди.
Быйыл Ош шаарынан олимпиадага 36 окуучу катышып, алардын ичинен 8и жеңүүчү болду. Командалык эсепте Ош шаары Бишкектен кийин 2-орунду ээледи.



