Коом

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Эскилиги жеткен түтүктөрдү пландуу алмаштырууга байланыштуу, бүгүн саат 09:00дөн 16:00гө чейин жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Алмаштыруу иштери  Ахунбаев көчөсү, 187 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жүргүзүлөт.

Жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат:

Шота Руставели көчөсү, 97, 99, 101;

Ахунбаев көчөсү, 187, 187А, 189, 189а;

Жунусалиев көчөсү, 72.

Белгилей кетсек, оңдоо иштерин кыш мезгилинде да жүргүзүп келебиз, себеби жылуулук берилип жаткан мезгилде жасалуучу участоктор аныкталат .

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button