Коом

Аламүдүн районунда 341,8 млн сомдук соцобъекттер мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,Башкы прокуратура ыйгарым укуктарынын алкагында мурда Аламүдүн районунун Бирдик айылында жайгашкан “Улар” ААКсына таандык болгон бир катар социалдык инфраструктура объектилерин кайтаруу боюнча чараларды көрдү.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, ишкананы менчиктештирүү учурунда аталган объекттер муниципалдык менчикке өткөрүлбөй, мыйзамсыз түрдө акционердик коомдун карамагында калгандыгы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы аянты 3,32 га жана баасы 341 млн 857 миң сомго бааланган фельдшердик-акушердик пункт, мончо, почта бөлүмү, клуб, парк жана суу сактоочу кампа муниципалдык менчикке кайтарылды.

Башкы прокуратура мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу тармагындагы мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу боюнча иштерди системдүү түрдө улантып, мамлекеттин жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууну улантат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button