Коом

Түркияда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыргызстандык мекенине кайтып келди

Түркиянын Анталия шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын мекенине кайтып келүүсүнө Анталия шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу активдүү көмөк көрсөткөн. Ошентип, Кыргызстандын жараны Г.К. үстүбүздөгү жылдын 25-февралында баласы менен бирге аман-эсен мекенине кайтып келген.

Белгиленгендей, бул окуя Кыргызстанда кеңири коомдук резонанс жараткан.

Тышкы иштер министрлиги Г.К.нын укуктарын коргоого жана анын коопсуз мекенине кайтып келишине көмөк көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирет. Айрыкча, бул маанилүү маселени чечүүдө өзгөчө салым кошкон кайдыгер карабаган жарандарга терең ыраазычылык билдирет.

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого бекем берилгендигин тастыктап, кыйын кырдаалга туш болгон жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button