Аламүдүн районундагы өзүн өрттөйбүз деген аял психикалык жактан жабыр тартат (ФОТО)

Бугүн “Пригородное” айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратында аялдар бензин куюп алышып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп ызы чуу чыгара баштаган. Ызы-чуу чыгарган уюштуруучулардын бири Гүлшан Исакова аттуу аялдын психикалык жактан жабыр тартканы тууралуу маалыматты өздүк булактан кабарлашты.
“Аламүдүн районундагы Пригородное айылындагы айыл өкмөтүнө кирип алышкан алардын уюштуруучулардын бири Исакова Гүлшан психикалык жактан жабыркаган аял экендиги белгилүү болду. Демек оорукчан адамдар коомго бүлүк салып жаткандыгы таң калтырат. Ушундай адамдарга милиция катуу чара көрүшү зарыл” дейт элдин тынчтыгын алып жаткан аял тууралуу редакция менен кабарлашкан жаран.

Эскерте кетсек, өзүн өрттөйбүз деген аялдар бир нече жыл мурда банктан насыя алышып, төлөй албай калышкан экен.


