Коом
УКМК: Кеминде мыйзамсыз менчиктештирилген Кыргызстандын химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Кемин районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген Кыргыз химия-металлургиялык комбинатынын (КХМЗнын 5-цехи) бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды.

2002-жылы аталган завод «Талер-Сан» ЖЧКсы тарабынан башкы директору Э.А. 100 сом суммадагы акча каражатына символикалык түрдө мыйзамсыз менчиктештирген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан аянты 6066 м2 жана ага чектеш 2 га КХМЗнын 5-цехи өзүлөрүнүн ыктыярдуу түрүндө Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарынын балансына өткөрүлүп берилди.



