Саясат

Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүү боюнча кайрадан билдирүү жасады

Анда УКМК төрагасы бул маселе боюнча Садыр Жапаровдун катышуусунда билим берүү министри, окумуштуулар менен атайын жыйын өткөнүн айтып, кандай пикирге токтолушканын түшүндүргөн. 

Мамлекет башчы да бул маселеге көңүл буруп, тынчсыздануусун билдирип, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен билим берүүдөгү реформаны этаптарга бөлүп дыкат ишке ашыруу чечимин кабыл алды.

Башкача айтканда, баштапкы ойлонуштурулган шартта эмес, акырындык менен, улам кемчиликтерин жоюп, жетишпегенин толуктап отуруп, ишке ашыруу чечими кабыл алынды, буга макул болсок болот.

12 жылдык окуу жөн гана кошумча бир жыл эмес, балдардын билим сапатын жогорулатуу, профилдик окууну кеңейтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектеп программаларын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу, ЖОЖдордогу кайталанма сабактарды жоюу экендиги белгиленди.

Ошондуктан алдыга жылууну туура көрдүк. Биз президентибиздин толуктап, тактап, алдыбызга койгон тапшырмаларын так жана ийгиликтүү аткарууга милдеттүүбүз.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button