Окуялар

Ошто 7 жаштагы бала каналга агып, көз жумду

Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-март күнү саат 18:00 чамасында Ош шаарына караштуу Жапалак айылындагы Орке тилкесиндеги каналдан агып бара жаткан баланын жансыз денесин жергиликтүү тургундар көрүп, алып чыгышкан.

Ал 2018-жылы туулган, ошол айылда убактылуу жашаган үй-бүлөнүн баласы болуп чыккан. Үй-бүлө Бишкектен Ошко көчүп барып, жашап жаткан. Тергөө учурунда соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

«Камера көрсөткөндөй, бала чөнтөгүндөгү буюмун сууга агызып алып, аны алам деп каналга кирип кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button