Баткенде милицияга болгон элдин ишенимин арттыруу боюнча жыйын өттү

Милициянын көчмө кабалдамасы Ассосациясынын директору отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров жана ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижановтор иш сапарын Баткен районунда улады.
Баткен райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, айыл аймактын башчылары, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан чоң жыйын болду. Жыйында Кыргыз Республикасынын ИИМдин 7 багыттагы приоритеттүү багыттары боюнча сөз жүрүп, талкуулар болду. Негизинен милицияга элдин ишенимин жогорулатуу максатында заман талабына жараша заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүү, кылмыштын бетин ыкчам ачуу, кылмышты алдын алуу үчүн санарип ыкмаларды колдонуу, жарандардын арыз-даттанууларын калыс жана ар тараптуу тергеп, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу максатында ИИОнун кызматкерлерине 7 багытта тапшырмалар коюлган.
Баткен облусунун аймагындагы милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин, руханий адеп-ахлактык сапатын жогорулатуу, өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөө, ар бир милиция кызматкеринин жүрүм-турум эрежелерин так сактоого багытталган темадагы жыйналыш кызыктуу жыйынтыкталды.




