Саясат

Эмомали Рахмон «Ата-Бейитке» барды

Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүргөн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинде болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда президент Эмомали Рахмон 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүл чамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды.

Андан соң, залкар кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумга Куран окулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button