Окуялар
Зордуктоого шектелген кыргызстандык 17 жылдан кийин Москвадан кармалды

2008-жылдын апрелинде Жети-Өгүздө жашаган аял милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз киши анын үйүнөн зордуктап кеткенин айткан. Анда 36 жаштагы шектүү (ал дагы жети-өгүздүк болгон) издөөгө алынган эле. Былтыр Москвадан колго түшүрүлүп, учурда Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат.


