Саясат

Кытай кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрүү пунктунун курулушуна 41,4 млн доллар грант бөлөт

Минкаб төрагасынын орун басары Үрүмчү шаарында Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун башчысы Ма Синруй менен жолугушту.

Анда «Бедел» өткөрмө жайын жана Барскоон — Бедел — Үчтурфан — Аксуу автожолунун курулушун тездетүү талкууланды. Тараптар Үрүмчү – Ош жана Кашкар – Ош түз аба каттамдарын ачуу иштерин тездетүүнү да сүйлөшкөн. 

«Бедел» өткөрмө бекети кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү өткөрүү пункту болуп калды. Ал 2024-жылдын сентябрында жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ачылган. Бийлик жол, бажы жана чек ара инфраструктурасынын толук масштабдуу курулушу 2027-жылга чейин аяктай турганын белгиледи. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button