Коом
Кыргызстан Кытайдын аймагында көзөмөл кампасын ачты

Объект Улуу-Чат шаарында (Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусу) жайгашкан.
Кампанын иши Кыргызстандын айыл чарба продукциясын (дан жана буурчак) экспорттоого багытталган. Аны кыргыз-кытай ишканасы курган.
Ал жашылча, тоңдурма, лаборатория жана жалпы жүк болуп төрт зонага бөлүнгөн. Объект жылына 1 млн тоннадан ашык продукция кабыл ала алат.
Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кампа 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмүн эки эсеге көбөйтүүгө жардам берерин белгилеген.
@abal-kg



