(Видео) Президент Токаев Казакстанга март-майдагыдай катуу карантин киргизген жатат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-июнда өкмөт мүчөлөрү, кээ бир мамлекеттик органдардын жетекчилери, шаарлардын жана областтардын акимдери менен видеоконференция режиминде кеңешме өткөрдү. Президент өз убагында киргизилген катуу карантин убакыттан утууга жана эпидемиянын пигин артка жылдырууга мүмкүнчүлүк берди деп айтты.Бирок, тилекке каршы Өзгөчө абалды алып салаар замат эле баардык карантиндик чаралар бошоңдошуп кеткен. Иште кетирген каталары үчүн бир нече акимге жана ведомостволор аралык комиссиянын жетекчиси Ералы Тогжановго сөгүш берилди. Санариптештирүү тармагында кетирген каталары үчүн санариптештирүүнү өнүктүрүү жана инновация менен аэрокосмикалык өндүрүш министри Аскар Жумагалиев да сөгүш алды. Президент ведомостволор аралык комиссия толук түрдө ыкчам, катаал координацияны, мониторинг жана иш аткарууну көзөмөлдөй алган эмес деп эсептейт.
Президент, азыркы эпидемиологиялык курч ситуацияны турукташтыруу үчүн, Мамлекеттик комиссия март-майдагыдай катаал карантин киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгып, эки күндүн ичинде сунуштоону тапшырды.
Nur.kz маалымат агенттигинин материалдарынын негизинде даярдалды.



