Коом

Кашкар — Ош — Кашкар багыты боюнча жаңы эл аралык авиакаттам ачылды

«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы Кашкар — Ош — Кашкар багыты боюнча жаңы эл аралык авиарейс ачылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдарды Chengdu Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү С909 үлгүсүндөгү учак менен аткарат.

Белгилей кетсек, Кашкар шаары Кытайдын батышындагы ири соода борборлорунун бири болуп саналат, Кыргызстанга жакын жайгашкан. Жаңы авиакаттам эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button