Садыр Жапаров: Чек ара маселеси өлкө үчүн эң оор көйгөйлөрдүн бири эле

Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү оңой-олтоң болгон жок. Бул туурасында президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде айтты.
Мамлекеттин башчысы бул иштерге саясий эрк талап кылынгандыгына токтолду.
«Чек ара маселеси өлкө үчүн эң оор көйгөйлөрдүн бири эле. 30 жылдан ашык убакыт бою талаштуу аймактардагы тактала элек тилкелерде дайыма чыңалуулар болуп, эң аянычтуусу жарандарыбыз оор жоготууларга учурап, жергиликтүү эл күнү-түнү тынчсыздануу менен өмүр сүрүп келишкен. Ары татаал, көп кырдуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен чек ара маселеси жөнгө салынды. Мындай маселелерде жөнөкөй кадамдар жарабайт. Эң негизги критерий — улуттук кызыкчылыкты коргоо жана ошол эле маалда экинчи тараптын сөзүн да уга билүү менен тыкыр иш жүргүзүлдү», — деди өлкө башчысы.
«Бул тарыхый процессти жыйынтыктоону алдыга милдет катары койгонбуз. Ал ары татаал, ары көп кырдуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жөнгө салынды. Маселе саясий эркти, стратегиялык сабырды сынады. Келечек муундун алдындагы жоопкерчиликти, терең билимди талап кылды», — деди Жапаров республикалык кеңешмеде.
Мындай маселелерде жети өлчөп, бир кесип, эң негизги критерий — улуттук кызыкчылык менен жана экинчи тарапты да уга билип, тыкыр иш жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
«1990-жылдардын башынан бери Чубактын кунундай чубалып келген чек ара маселесине чекит коюлуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптарынын дагы бири катары ийгиликтүү жыйынтыкталды. Муну мен толук жоопкерчилик менен айта алам», — деди Жапаров.
Белгилүү болгондой, бүгүн Бишкекте президенттин катышуусунда республикалык кеңешме өтүүдө. Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышып жатат.



