Коом

Мурда соттолгон жаран диний-экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелүүдө

Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында социалдык тармакта диний-экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жаранды аныктады. 
Таратылган материалдар чогултулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстан Ислам Кыймылы” диний-экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги белгилүү болду. 
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну У.М. экендиги аныкталып, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, шектүү буга чейин 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо таратуу фактысы) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button