УКМК чагымчыл, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 26-мартында чагымчыл журналист Болот Темиров «Фейсбук» социалдык баракчасына «УКМК Ысык-Көлдөгү балдарды коркутуп жатат. Алардын атасын, ошол эле оор 278-берене боюнча соттошкон. Ага пробация берилген. Бирок андан кийин да алар келип, анын жоктугунда балдарын коркутуп жатышат»- деген атылышта видео тасма жүктөгөн.
УКМК тарап жаткан маалыматты расмий түрдө четке кагып, жарандарды чагымчыл, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырат.
Бул шилтемеден видеону толук көрө аласыздар:
https://www.youtube.com/shorts/sax4cfDfMYE?feature=share
Ошол эле учурда УКМК мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасында башаламандыкты, талаш-тартышты жаратуу максатын көздөгөндөргө тийиштүү жоопкерчилик тууралуу эскертүүгө аргасыз.



