Коом

Бишкектеги бардык лицейлер менен гимназиялар өзгөчө макамынан ажыратылды

Бишкектеги бардык лицей жана гимназиялар өзгөчө макамынан ажыратылды. Бул маалыматты борбор калаанын билим берүү башкармалыгы тастыктады.

Ведомстводон билдиришкендей, бул мекемелер мындан ары орто жалпы билим берүүчү уюмдар катары ишин улантат.

Маалым болгондой, билим берүү башкармалыгы билим берүү уюмдарын уюштуруучу катары аларды кайра каттоодон өткөрүү боюнча буйрук чыгарган.

Буга чейин № 29, 20, 26, 63, 64, 91, 68, 72, 74, 23, 62, 9, 39, 31, 95-мектептер кайра каттоодон өткөн. Калган лицей, гимназиялар дагы ушул процедурадан өтүп жатышат.

Кайра каттоо министрлер кабинетинин токтомунун алкагында жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button