Коом

Блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды 

32 жаштагы блогер Жанара Осмоналиева чуу жараткан көйнөгү үчүн эмес, адепсиз жана оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн видеосу үчүн кармалып, сот чечими менен майда бейбаштык боюнча 3 суткага камакка алынды.

Бишкек ШИИББи тараткан видеодо блогер кечирим сурап, мындай жосун кайталанбасын билдирген.

Блогер буга чейин Бишкек эл аралыкт кинофестивалында ачык кийинип чыгып, коомдо кызуу талкуу жараткан. Натыйжада иш-чаранын уюштуруучуларына сөгүш берилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button